Ссылки доступа

Казакстанда Январь окуяларын чагылдырган журналист 15 суткага камалды


Алматы облусуна караштуу Конаев шаарынын административдик соту казакстандык журналист, “Не дейді” youtube-каналынын автору Думан Мухаметкаримди 15 суткага камоо жөнүндө токтом чыгарды.

12-октябрда сот аны “Тынч жыйындарды өткөрүү жөнүндө мыйзамды бузуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

— Алар [полициячылар] чакырык таштаганым үчүн деп айтып жатышат. Бирок 488-беренеде “чакырык” деген түшүнүк жок. Думан митинг болушу керек деп гана айткан. Бул жөн гана сунуш, орундалган иш-аракет эмес. Алар аны планы үчүн гана камап ташташты, - деди журналисттин адвокаты Галым Нурпеисов.

Ал соттун чечими менен макул эместигин билдирип, даттанууга ниеттенип жатканын айтты.

12-октябрь күнү күндүз Думан Мухаметкарим соцтармактарга анын үйүнө полициячылар келген учур тартылган видеону жайгаштырган. Журналист тартип сакчылары ал мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого каршы 25-октябрда митингге чыгуу планы жөнүндө айтканы үчүн келишкен болушу ыктымал экенин кабарлаган.

Думан Мухаметкарим Январь окуяларын жана ага байланыштуу өтүп жаткан сот жараяндарын активдүү түрдө чагылдырып келген.

XS
SM
MD
LG