Ссылки доступа

Эрдоган: Түркия Казакстандын аймактык бүтүндүгүн колдойт


Анкара Казакстандын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдойт. Бул тууралуу Астанага сапар менен келген түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча саммитке келген Эрдоган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эрдоган эки өлкөнүн "түбөлүк" биримдиги жана кызматташтыгы жөнүндө айтып, Казакстанды "боордош" мамлекет деп атады.

Токаев да Түркияны "боордош" мамлекет деп атап, Анкарага май айында барган учурда кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө билдирүүгө кол коюлганын белгиледи.

Токаев Орусияны кыйгай өтүп, Кытай менен Европаны бириктирген Транскаспий каттамы боюнча жүк ташууну көбөйтүүгө кызыктар экенин айтты. Орусия Украинага кол салгандан бери бул каттам боюнча жүк ташуу эки эсеге көбөйгөн. Москванын агрессиясына байланыштуу көптөгөн коммерциялык компаниялар антиорусиялык санкцияларга кабылып калбоо үчүн Орусия аркылуу өткөн жолдордон пайдаланууну каалабай калышты.

Кытайдан башталган транспорттук коридор Казакстан аркылуу Каспий деңизинин акваториясы, андан ары Азербайжан, Грузия, Түркия аркылуу Европага жол чыгат. Ал 2017-жылы ишке берилген. Казакстан соңку айларда бул каттамды активдүү түрдө өнүктүрүү зарылдыгын айтып келет.

XS
SM
MD
LG