Ссылки доступа

Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча саммит башталды


Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө 27 мамлекеттин VI саммитинин ачылышы болду.

Саммитке катышуу үчүн бейшембиге караган түнү Астанага Орусиянын президенти Владимир Путин учуп келди. Орус ЖМКларынын маалыматына караганда, Путин 13-14-октябрь күндөрү Астанада дароо үч көп тараптуу саммитке катышат.

Күн мурун Казакстандын баш калаасына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да барган. Түрк жана орус президенттери 13-октябрда жолугушуп, Украинадагы согушту талкуулайт деп күтүлүүдө.

Буга чейин Кремль Эрдоган Путин менен жолугушуусунда Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болууну сунуштайт деп күтүп жатканын билдирген. Анкара Орусия менен Батыштын ортосундагы негизги ортомчу болуу аракетин көрсөтүп, ошол эле маалда Украинага курал-жарак берип, Москвага каршы санкцияларга кошулбай келет.

"РИА Новости" Анкарадагы дипломатиялык булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, Эрдоган менен Путин жолугушууда энергетикалык кызматташтыкты жана "азык-түлүк келишимин" да талкуулашы мүмкүн. Эки лидер акыркы жолу өткөн айда Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында жолугушкан.

Бул Путиндин Украинада согуш башталгандан берки Казакстанга алгачкы сапары болуп калды. Күн мурун Казакстандагы айрым соцтармак колдонуучулары Путиндин өлкөгө сапарын токтотууга чакырган билдирүүлөрдү жазышкан.

Акордо өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча саммиттин ачылышында сүйлөгөнүн кабарлады. "Буга чейин болуп көрбөгөн коркунучтарга каршы эл аралык мамилелерде туруктуулукка жетишүү, көп тараптуу механизмдерге жаңы импульс берүү жана ачык диалогго кайтуу өзгөчө маанилүү маселе болуп эсептелет", – деди Токаев.

14-октябрда Астанада КМШ мамлекет башчыларынын саммити жана "Борбор Азия – Орусия" саммити өтөт.

КазТАГ агенттигинин маалыматына караганда, күн мурун Астана шаарында масштабдуу коопсуздук чаралары кабыл алынып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күчөтүлгөн тиртипте иштөөгө өтүшкөн. 10-октябрдан бери шаардын кире бериштеринде транспорт каражаттары жана айдоочулардын документтери текшерилүүдө. Астана шаардык полиция департаменти жашоочуларга саммиттер өткөн күндөрү жеке транспортту колдонбоого жана каттамдарды алдына ала аныктап алууга чакырган. Мындан тышкары Астанадагы мектеп окуучулары 13-14-октябрь күндөрү аралыктан окуй турганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG