Ссылки доступа

Өзбекстанда Uzcard компаниясы кайрадан менчиктештирилди


Өзбекстандагы Бирдиктүү республикалык процессинг борбору (Uzcard бренди) кайрадан менчиктештирилди. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик активдерди башкаруу боюнча агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, процессинг борборунун активдерине төрт киши (Камрон Акбаров, Тимур Азадов, Обид Агзамхожаев жана Мансур Усманов) 25 пайыздан ээлик кылып, Uzcard кайрадан жеке компания болуп калды.

Буга чейин Бирдиктүү процессинг борборунун акцияларынын 75% президент Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсуновго таандык болгон. 2020-жылы августта Турсунов компаниянын түзүүчүлөрүнүн тизмесинен чыгарылганы кабарланган.

Андан соң Uzcard'дын акцияларынын 51% Өзбекстандын Улуттук банкына, жеке төрт банктын ар бирине ("Узсаноаткурилишбанк", "Асакабанк", "Ипотека-банк" жана "Алокабанк") 6 пайыздан акция жана калган 25% Камрон Акбаров, Тимур Азадов, Обид Агзамхожаев жана Мансур Усмановго таандык экени белгилүү болгон.

Быйыл март айында мамлекеттин экономикага катышуусун кыскартуу жана менчиктештирүүнү тездетүү программасынын алкагында Uzcard акцияларынын банктарга таандык 75% Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттигине өткөрүлүп берилген.

"Газета.uz" басылмасынын маалыматына караганда, андан соң тендердик комиссия көз карандысыз баалоо уюмдарын тартуу менен Uzcard'дагы мамлекеттин үлүшүн сатуу чечимин кабыл алып, августтун аягында менчиктештирүү процесси башталганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG