Ссылки доступа

Тажикстанда журналист Далер Имомалиге 10,5 жыл жаза суралды


Далер Имомали
Далер Имомали

Тажикстанда прокурорлор соттон журналист жана блогер Далер Имомалини 10 жарым жылга эркинен ажыратууну өтүнүштү. Ал "кылмыш жөнүндө жалган маалымат берген, мыйзамсыз ишкердик менен алектенген жана тыюу салынган уюмдун ишине катышкан" деп айыпталууда.

Журналист айыптарды четке кагып, мыйзамсыз ишкердик кылганын гана моюнуна алган.

"Озоди" радиосу өз булактарына таянып жазгандай, сот Имомалинин акыркы сөзүн кийинки отурумда угат.

Журналист быйыл 15-июнда кармалган. Алгач ал Ютубдагы материалдары үчүн түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп шектелгени маалымдалган. Кийин кылмыш жөнүндө жалган маалымат берүү, мыйзамсыз ишкердик менен алектенүү жана тыюу салынган уюмдун ишине катышуу айыптары тагылган. Анын кылмыш иши "жашыруун" деген гриф менен каралып жатат.

Акыркы үч айда Тажикстанда жети блогер жана журналист камалды. 4-октябрда Имомали менен бирге репортаждарды даярдап жүргөн Абдулло Гурбати жети жарым жылга соттолгон. Алар акыркы мезгилде социалдык темалар тууралуу видео материалдарында айрым аткаминерлерди сынга алышкан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттердин кармалышын айыптап, тажик бийлигин сөз эркиндиги боюнча алган милдеттенмелерин аткарууга, журналисттерге карата куугунтукту токтотууга үндөп келишет. Расмий Душанбе ал чакырыктарга жооп берген жок.

XS
SM
MD
LG