Самарканд облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 13-октябрь күнү эртең менен саат сегиздерде болгон.
Мирзо Улугбек көчөсүндөгү аялдамада айдоочулар уруша кетип, артта токтоп турган автобустун айдоочусу ордунан жылып бараткан автобустун күзгүсүнө асынып алган. Бирок берки айдоочу токтобостон, тескерисинче, ылдамдыгын жогорулатып кете берген. Ошол маалда асынып бараткан айдоочу кулап, аны автобус тебелеп кеткен. Жыйынтыгында ал алган жарааттарынан улам каза болуп калган.
Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.