Ссылки доступа

Тажикстанда экстремизмге айыпталган журналисттин соту жабык өтүүдө


13-октябрда Душанбедеги тергөө абагында дагы бир журналист Абдусаттор Пирмухаммадзоданын соту башталды.

Журналисттин жакындары "Озоди" радиосуна сот жабык өтүп жатканын, ага Абдусаттордун тун уулу да киргизилбегенин билдиришти.

Абдусаттор Пирмухаммадзода быйыл июнда экстремизм шеги менен кармалган. Күнөөсү далилденсе ал 3төн 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Туугандары ал кысым алдында тагылган айыптарды мойнуна алганын, чынына өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтууда.

Кезинде Тажикстандын мамлекеттик телеканалдарында иштеген Абдусаттор Пирмухаммадзода акыркы жылдары блогерлик менен алектенип, 40 миң катталуучусу бар YouTube каналын иштетип келген. 9-июлда ал Вахдат шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Ага каршы "Экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырык жасоо жана экстремизмди актоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Соңку мезгилде Тажикстанда жети блогер жана журналист камакка алынды. Алардын экөө – Мухаммад Султон менен Абдулло Гурбати 8 жана 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик айыптоочу башка бир блогер жана журналист Далери Имомали үчүн 10,5 жыл жаза сурап жатат.

Эл аралык укук коргоо уюмдары менен Батыш өлкөлөрү тажик бийлигине бир канча жолу кайрылып, журналисттерге карата куугунтукту токтотууга чакырышкан. Бирок бийлик бул чакырыктарга реакция кылбай келет.

XS
SM
MD
LG