Ссылки доступа

Путиндин сапарын сынга алган Алматынын тургуну 15 суткага камалды


Алматынын райондор аралык административдик соту орус президенти Владимир Путиндин Казакстанга сапарын айыптаган видео жарыялаган шаар тургуну Рафик Жарылкасымовду 15 суткага камакка алуу өкүмүн чыгарды.

Sud.kz сайтындагы маалыматка караганда, Жарылкасымов Владимир Путиндин сапарына байланыштуу адамдарды "мыйзамсыз митингге" чакырган. Ага "Тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартиптери тууралуу мыйзамды бузуу" беренси менен айып тагылган.

Мындан тышкары сайтта Жарылкасымов "күнөөсүн толугу менен мойнуна алганы" жазылып, бирок ал "кылмыш кылбаганын" билдиргени кошумчаланган.

Рафик Жарылкасымов 15 суткага камалганын 13-октябрь күнү кечинде анын жубайы Вера Жарылкасымова Facebook баракчасына жазды: "Бүгүнкү күндө Казакстанда украин элин колдоо жана путиноид менен кызматташууга макул болбоо – кооптуу. Сот отуруму жашыруун түрдө өттү, анын саат канчада болгонун да эч ким билбейт. Ага адвокат да катышкан жок, күйөөм өзүн өзү коргоого мажбур болду. Анын эрезеге жете элек үч баласы 15 күнгө багуучусуз калды".

Алматынын тургуну Рафик Жарылкасымов Интернетке Орусиянын президенти Владимир Путиндин Казакстанга сапарын айыптаган видеосу жарыялангандан кийин 13-октябрда кармалган. Видеодо ал Казакстан менен Украина желектеринин фонунда сүйлөп, 15-октябрда "Путиндин келишине каршы" тынч митингдерди өткөрүүгө чакырган. Анын айтымында, мындай митингдердин бири Алматынын борбордук аянтынын жанында өтүшү керек. Ал митингге уруксат берүү өтүнүчү менен жергиликтүү бийликке кайрылганын, бирок уруксат болбогонун кошумчалаган.

Владимир Путин үч саммитке катышуу үчүн Астана шаарына 13-октябрга караган түнү учуп барган. Ага чейин социалдык түйүн колдонуучулары Путин баштаган Украинадагы согушту айыптап, орус лидеринин бул сапарын токтотуу талаптарын жазышкан.

12-октябрда Владимир Путиндин Астанага келишине каршы Орусиянын Алматыдагы консулдугунун алдына нааразылык билдирип чыккан төрт активист кармалган.

Ошол эле күнү башка активисттер шаардагы орус акыны Александр Пушкиндин эстелигинин алдына чогулуп, Путиндин Астанага сапарына каршы пикирлерин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG