Ссылки доступа

HRW казак бийлигин каракалпак активисттерин Ташкентке өткөрүп бербөөнү сурады


Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму  Казакстан бийлигин каракалпак диаспорасынын камактагы төрт өкүлүн Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө үндөдү.

HRW каракалпак активисттери Өзбекстанда саясий куугунтукка жана кыйноого кабылышы мүмкүн деп эсептейт. Мындан улам уюм Астананы башпаанек издеген Кошкарбай Торемуратов, Жангелди Жаксымбетов, Раис Худайбергенов жана Зиуар Мирманбетовду кыска мөөнөттө расмий түрдө каттоону сурайт.

“Төртөө тең көп жылдардан бери Казакстанда жашап, Өзбекстандын түндүгүндөгү Каракалпак Республикасынын суверендүү макамын коргоону жактап келишкен”, деп айтылат билдирүүдө.

Төртөө тең башпаанек берүү боюнча Казакстанга өтүнүч берген. Эгер алар “башпаанек издеген кишилер” деген атайын күбөлүк алышса, Өзбекстанга күч менен чыгарылбайт.

Раис Худайбергенов, Жангелди Жаксымбетов, Зиуар Мирманбетов жана Кошкарбай Торемуратов "Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө кол салууга" шектелүүдө. Алар 13-сентябрдан 4-октябрга чейинки аралыкта кармалган жана 40 күнгө камакка алынган.

1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жай тургун, 4 тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Европа Биримдиги, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), бир катар укук коргоочу уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG