Ссылки доступа

Орусиялыктардын агымынан улам Өзбекстанда мобилдик интернеттин ылдамдыгы төмөндөдү


Айрым өзбекстандыктар орусиялыктардын агымынан улам өлкөдө интернеттин ылдамдыгы кескин төмөндөп кеткенине даттанууда.

Өзбекстандагы алдыңкы провайдерлердин бири эсептелген Uzonline компаниясынын Ташкентте жашаган кардары акыркы жумаларда интернет-тарфик кыйла азайганын билдирди.

"Мен 100 мегабит ылдамдыктагы интернет коштургам. Азыр текшерсем 25 мегибитти гана көрсөтүүдө. Ылдамдык өзгөчө кечки саат алтыдан кийин жай болуп калууда. Айрым тиркемелер өтө жай иштеп, сайттар көптө ачылып жатат", – деди ал.

"Саркор Телеком" провайдеринин колдонуучулары да интернеттин ылдамдыгы төмөндөгөнүнө даттанууда. Ташкенттик журналисттердин бири интернеттин ылдамдыгына даттанып аталган провайдерге телефон чалган. Анын айтымында, компания өкүлдөрү "орусиялыктардын көп келүүсүнөн улам түйүндөргө күч келип жатканын" билдиришкен.

Адистер интернет ылдамдыгы мобилизациядан качкан орусиялыктардын көп келгенинен улам жай болуп жатканын билдирүүдө. Алардын айтымында, өзбекстандык провайдерлер мындай көп сандагы кардарларды тейлөөгө даяр эмес болчу.

"Бизге келип жаткан орусиялыктардын арасында айтишниктер өтө көп экенин, алар жогорку ылдамдыктагы интернет колдонуп жатканын уктук. Трафик мындай жүктөмдү көтөрө албайт окшойт", – деди Өзбекстандын Маалыматтык технологиялар жана коммуникациялар министрлигиндеги өз булак.

Өз кезегинде "Саркор Телеком" компаниясынын адиси орусиялыктардын агымы провайдерлердин ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизип жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты. "Биздин канал кардарларына дайыма жетиштүү интернет-ылдамдык бөлүп келген. Азыр деле ошондой бөлүп жатат", – деди адис.

Анын айтымында, ылдамдыктын төмөндөөсү негизинен мобилдик интернетте көп байкалууда.

​"Келгендер негизинен мобилдик интернет колдонуп жатышат. Анткени зымдуу интернетке кошулууга убакыт керек. Ошондуктан мобилдик интернет колдонгондор көбөйүп, күч келүүдө", ​– деди ал.

Ташкентке мобилизациядан качып барган орусиялык IT-адис Илья Самохвалов Өзбекстанда интернеттин ылдамдыгы өтө төмөн экенин айтууда. "Бул жерде интернет өтө жай экен. Кимдир бирөө чоң көлөмдөгү файл жүктөй баштаса эле катып калат", – деди ал.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, сентябрда өлкөгө 78,2 миң орусиялык келген. Апрель айындагы көрсөткүчтөргө салыштырсак, Өзбекстанга турист катары кирген орусиялыктардын саны болжол менен 2,7 эсеге көбөйгөн.

Комитет 2022-жылдын тогуз айында Өзбекстанга туристтик максатта 3,6 миллион чет өлкөлүк келгенин билдирген. Өткөн жылдын алгачкы тогуз айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу бул көрсөткүч 3,2 эсеге көбөйгөн.

Өзбекстан интернеттин ылдамдыгы боюнча өткөн жылкы рейтингде дароо 37 сапка жогорулап, 224 өлкөнүн ичинен 166-орунга жайгашкан.

Бүгүнкү күндө Өзбекстан интернети эң кымбат өлкөлөрдүн катарына кирет. Маалыматтык технологиялар жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 1 гигабайт мобилдик интернеттин баасы 16 миң сумду (1,4 АКШ доллары) түзөт.

XS
SM
MD
LG