Токтомго ылайык, мындан тышкары бардык Нур-Султан деп жазылган баш калаанын аталышы Астана деп өзгөртүлөт.
Нурсултан Назарбаев 12-августта Астана шаарында Борбор Азиядагы эң ири мечитти ачкан. Анын алгачкы ташын 2019-жылы март айында Назарбаев отставкага кеткен күнү өзү койгон.
Казакстандын экс-президенти мечиттин ачылуу аземинде "бул жеке жарандар менен инвесторлордун эсебинен салынган фундаменталдуу мечит" экенин айткан.
Мечиттин ачылышына Назарбаев бийликте турган кезде айланасында жүргөн кишилер да катышкан. Арасында Казакстандын мурдагы премьер-министри Аскар Мамин, экс-сенатор Куаныш Султанов, Жамбыл жана Алматы облустарынын мурунку акимдери Бердибек Сапарбаев менен Амандык Баталов бар. Өлкөнүн азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев мечиттин ачылышына барган эмес.