22 жаштагы Азиза Хайдарованын апасы Барно Хайдарова кызына "Далилдерди жасалмалоо" жана "Акча кымыруу" беренелери боюнча жаңы айыптар тагылганын 17-октябрда укканын билдирди.
"Азизаны Душанбеден Хоженттеги тергөө абагына которушкан. Жаңы айыптар жөнүндө ага тамак-аш алып барганда уктум. Кызым андай кылмыштарга барбаганына ишенем", – деди Хайдарова.
Азиза Хайдарова быйыл 10-июнда Хоженттеги турак жай сатуу-сатып алуу ишиндеги алдамчылыкка айыпталып кармалган. Ага тагылган жаңы айыптар да ошол ишке байланыштуу.
Барно Хайдарованын айтымында, кызы эч кандай мыйзамсыз иш жасаган эмес. Тергөөчүлөр аны мурдагы жетекчиси – судья Рустам Сайдахмадзодага каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатышат. Судья 29-июнда кармалып, тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алынган.
Согд облусунун Бобожон Гафуров райондук сотунун судьясы Рустам Сайдахмадзода кармалгандан бир апта өткөндөн кийин ээлеген кызматынан расмий түрдө бошотулду. Тажикстан президентинин 6-июлдагы жарлыгында Сайдахмадзода “соттордун ар-намысын булгаган иштерге барганы үчүн” кызматтан алынганы белгиленген.
43 жаштагы Сайдахмадзода “кызмат абалынан ашкере пайдаланууга” жана “кылмыш жөнүндө жалган маалымат берүүгө” айыпталууда. Бирок ал өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.