Ссылки доступа

Евробиримдик Украина үчүн жаңы аскердик миссия түздү


Европа биримдигинин (ЕБ) кеңеши Украинага аскердик жардам көрсөтүү боюнча ЕБдин миссиясын түзүү тууралуу чечимди жактырды.

Миссия Украинанын Куралдуу күчтөрүн, анын ичинде ЕБге мүчө өлкөлөрдөгү Аймактык коргонуу күчтөрүн жеке, жамааттык жана атайын даярдыктан өткөрөт.

"Миссиянын максаты Украин Куралдуу күчтөрүнүн аскердик операцияларды натыйжалуу жүргүзүү мүмкүндүктөрүн жогорулатуу болуп эсептелет. Бул Украинанын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган чек араларынын бүтүндүгүн жана калкын коргоо дараметин жогорулатышы керек", – деп жазылган ЕБ кеңешинин билдирүүсүндө.

Миссиянын ыкчам штабы Брюсселде ачылып, аны Аскердик пландаштыруу жана операцияларды жүргүзүү боюнча атайын күчтөрдүн директору, вице-админирал Эрве Блежан жетектейт. Миссиянын ишине Европа биримдигине мүчө өлкөлөр, ошондой эле башка эл аралык өнөктөштөр да катышат. Ал украин аскерлерин даярдоо боюнча Улуу Британия, АКШ жана Канададагы борборлорду да координациялайт.

Миссиянын иши азырынча эки жылга пландалып, анын бюджети 106,7 миллион евро болору макулдашылды.

ЕБ кеңеши мындан тышкары Украинага курал-жарак сатып алуу үчүн 500 миллион евро бөлүүнү жактырды. Муну менен Евробиримдик Европанын тынчтык фондунун алкагында Украинага жардам катары бөлгөн жалпы каражат 3,1 миллиард еврого жетти.

Акыркы бөлүнө турган 500 миллион евронун 490 миллиону аскердик техника сатып алууга, 10 миллиону аскер кызматкерлери үчүн жеке коргонуу каражаттарын, дары-дармек жана күйүүчү май алууга жумшалат. Мындан тышкары бул каражатка буга чейин ЕБ өлкөлөрү Украинага берген аскердик техникалар оңдолуп, техникалык жактан тейленери кабарланды.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден өлкөнүн коргонуу бюджетинен Украинанын коопсуздук жана коргонуу тармагына жардам берүү үчүн 725 миллион доллар бөлүүнү тапшырган.

Жаңы жардам пакетине аскердик техника менен ок-дарылар, анын ичинде HARM жогорку ылдамдыктагы радарга каршы ракеталар, HIMARS системалары үчүн кошумча жабдуулар, ок атуучу куралдар жана эки миллиондон ашык ок-дарылар кирет. Мындан тышкары, АКШ Украинага медициналык буюмдарды жөнөтүп, аскердик машыгууга көмөктөшөт.

2022-жылдын башынан бери АКШ Украинага 50 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн, анын дээрлик 27 миллиард доллары түздөн-түз аскердик муктаждыктар үчүн берилген.

Мурдараак Улуу Британия Украинага NASAMS зениттик-ракеталык комплекстери үчүн ракеталарды, Франция абадан коргонуу системаларын, Канада 35 миллион долларлык аскердик жардам берерин билдирген.

13-октябрда Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы Орусияны "террордук режим" деп атаган резолюцияны жактырган.

Видео

XS
SM
MD
LG