Ссылки доступа

Тажикстанда журналист Далер Имомали 10 жылга соттолду


Далер Имомали

Тажикстанда белгилүү журналист жана блогер Далер Имомали 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул маалыматты 18-октябрда анын адвокаты Саъдулло Каюмзода ырастады.

Ал 17-октябрь күнү кечинде Душанбедеги тергөө абагында өткөн сот отуруму тууралуу башка маалымат берүүдөн баш тартты.

Имомалинин жакындары сот журналистти 10 жылга эркинен ажыратуудан тышкары аны айып пул төлөөгө да милдеттендиргенин билдиришти. Азырынча айып пулдун көлөмү белгисиз.

Далер Имомали "Кылмыш иши жөнүндө жалган маалымат берүү", "Мыйзамсыз ишкердик менен алектенүү" жана "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, журналист "мыйзамсыз ишкерлик кылуудан" башка айыптоолорду четке кагып жатканын кабарлаган.

Өткөн жумада прокурор соттон Далер Имомалиге 10,5 жылдык жаза сураганы белгилүү болгон.

Журналист быйыл 15-июнда кармалган. Алгач ал Ютубдагы материалдары үчүн түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп шектелгени маалымдалган. Кийин кылмыш жөнүндө жалган маалымат берүү, мыйзамсыз ишкердик менен алектенүү жана тыюу салынган уюмдун ишине катышуу айыптары тагылган. Анын кылмыш иши "жашыруун" деген гриф менен каралды.

Акыркы үч айда Тажикстанда жети блогер жана журналист камалды. 4-октябрда Имомали менен бирге репортаждарды даярдап жүргөн Абдулло Гурбати жети жарым жылга соттолгон. Алар акыркы мезгилде социалдык темалар тууралуу видео материалдарды даярдап, айрым аткаминерлерди сынга алышкан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттердин кармалышын айыптап, тажик бийлигин сөз эркиндиги боюнча алган милдеттенмелерин аткарууга, журналисттерге карата куугунтукту токтотууга үндөп келишет. Расмий Душанбе ал чакырыктарга жооп берген жок.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG