Ссылки доступа

Маңгыстау: жүздөгөн мунайчылар маянаны жогорулатууну талап кылышууда


Мангыстау облусундагы Арыстан мунай кенин иштеткен «Кен-Сары» компаниясынын жүздөгөн жумушчусу бийликке кайрылуу жолдоду. 18-октябрда мунайчылар айлыкты 100 пайыз көбөйтүү талабы менен видео жазышты.

Жумушчулар аны Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге, Маңгыстау облусунун акими Нурлан Ногаевге жолдошту. Шейшемби күнү тартылган видеодо мунай тармагында баа кымбат экени, компания төлөп жаткан акы азыркы абалга шайкеш келбей турганы айтылган. Жумушчулардын айтымында, келишим компаниясы аркылуу маянаны көтөрүү аракетинен жыйынтык чыккан эмес. Алар кырдаалга Астананын кийлигишүүсүн талап кылышууда.

«Кен-Сары» компаниясынын жумушчусу Есет маянасы 200 миң теңгеге чукул (400 доллардан ашуун) экенин билдирди. Жумушчулар ишти токтотушкан жок. Есеттин айтымында, 300дөй киши айлык акыны көбөйтүүнү суроодо. Ишкананын жетекчилиги алардын талабына көнгөн эмес, иш эми эмгек арбитражына жетти.

Ачык маалыматтарга караганда, «Кен-Сары» компаниясы 2006-жылы Маңгыстау облусундагы Арсытан кенинде чалгындоо иштерин баштаган. 2009-жылы Корея улуттук мунай компаниясы (KNOC) казакстандык «Сумбе» мунай операторун 335 миллион долларга сатып алган. Бул компания менен бирге KNOC Арсытан жана Күлжан кенинде иш жүргүзүүгө укук алган.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG