15-октябрда Астанада Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов менен сүйлөшкөндөн кийин басма сөз конференциясында эки коңшу мамлекет газ тармагында кызматташуунун келечегин талкуулашканын айткан.
Казак лидери Казакстан менен Түркмөнстан компаниялары кол койгон келишим жөнүндө айтып жатып, түркмөн кесиптешине долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирген.
“Биз узак мөөнөттү келишим түзүп, газ импортунун көлөмүн жылына бир жарым миллиард кубометрге жеткирүүгө даярбыз”, - деген Касым-Жомарт Токаев.
Президент Токаев Казакстан Түркмөнстандын ири энергетикалык демилгелерин ишке ашырууну, муну менен бирге кайра иштетүү жана мунай газ химиясы тармагында өз ара пайдалуу долбоорду өнүктүрүүнү жана тажырыйба алмашууну каалай турганын белгилеген.