Ссылки доступа

ИИМ Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылганын билдирди


Ички иштер министрлиги мурдагы билим берүү жана илим министри, пара алууга шек саналып кармалган Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 18-октябрда маалымдады.

"Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун
толтурганы, өнөкөт ооруларга чалдыкканы, туруктуу жашаган
жери, жашы жете элек төрт баласы бар экени, тергөөгө тоскоолдук кылбай
тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү",- деп айтылган маалыматта.

Расмий кабарда белгиленгендей, Бейшеналиев тергөө амалдарынын жүрүшүндө алгач 37 500 АКШ долларын, кийин 62 500 долларды өз ыктыяры менен кайтарып берген. Тергөө уланууда.

"Азаттык" Бейшеналиевдин өзүнөн жана жакындарынан азырынча маалыматты тактай алган жок.

Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен 28-сентябрда кармалган.

30-сентябрда ал сотто бөгөт чарасы каралып жатканда күнөөсүн моюнуна албай турганын айткан. Пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин журналисттерге билдирген.

XS
SM
MD
LG