Ссылки доступа

Өзбекстанда 200 миң гектар жер түздөлөт


18-октябрда президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өткөн жыйында агрардык тармактагы маселелер талкууланды. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында жер жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун эсебинен өндүрүмдүүлүктү арттыруу маселеси талкууланды. Фермерлерге жердин курамын аныктоо, үрөөн тандоо, сугаруу жана аларды зыянкечтерден коргоодо жардам берүү зарылдыгы белгиленди.

Бул максатта 200 000 гектар жерди лазердик жол менен түздөө сунушу колдоо тапты. Жогорку өндүрүмдүүлүктөгү тилкелерге субсидиялар бөлүнүп, фермерлердин лазердик нивелирлөөгө кеткен чыгымдары төлөнүп берилет.

Чет элдик компаниялар менен бирге аймактарда суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу долбоорлорун ишке киргизүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары фермердик чарбаларга насыя жана субсидияларды берүүнү жеңилдетүү зарылдыгы да айтылды.

Дагы бир маанилүү багыт – жашылча-жемиштерди кайра иштетүү. Бирок бул багытта көрсөткүчтөр азырынча төмөн. Жүзүм бакчаларынын 20%, жашылча талааларынын 7% гана интенсивдүү ыкмалар киргизилген.

Өнөр жай өндүрүшүн калыбына келтирүү үчүн 2 миң 163 долбоор түзүлдү. Эгер алар ишке ашса, 25 түрлүү азык-түлүктүн импорту кыскарып, 37 миңден ашуун киши иш менен камсыздалат.

XS
SM
MD
LG