Ссылки доступа

Токаев шайлоонун алдында "бандиттер менен террорчуларды баатыр кылбоого" үндөдү


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 19-октябрда Алматы облусунда коомчулук менен жолугушуп жатып, "бандиттер менен террорчуларды баатыр кылбоого" үндөп, бийлик январь окуяларынын кайталанышына жол бербөө ниетинде экенин айтты.

"Мыйзам менен тартип кайгылуу январь окуяларын кайталабоого мүмкүндүк берет. Кайгылуу окуялардан сабак алып, бандиттер менен террорчулардан баатыр жасоонун кажети жок. Тилекке каршы, бул ушуга окшогон окуялардын кайталанышы менен коркунучтуу. Кимдир бирөө муну абдан каалап жатат", - деген Токаев кайсы бир ысымды атаган жок.

Токаев жеңил кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялаганын, ал эми элдин кызыкчылыгына каршы иш кылгандар мыйзам чегинде жаза аларын айтты.

Анын билдиришинче, жакын арада "мамлекетке чыккынчылык кылгандар, эки жүздүүлүгүн жана коркоктугун көрсөткөндөр" сот алдында жооп берет.

Расмий маалыматтарга ылайык, Январь окуялары маалында Казакстан боюнча жалпысынан 232 киши өлгөн. Дагы алты киши кармалгандан кийин полиция кызматкерлеринин кыйноосунан улам каза болгону кабарланган. Бул окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш иштер боюнча жүзгө жакын киши абакка кесилди.

XS
SM
MD
LG