Ссылки доступа

Эл аралык уюмдар тажик бийлигин журналист Далери Имомалини тез арада бошотууга чакырышты


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) ЖМК маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро Тажикстандын бийлигин 10 жылга соттолгон журналист жана блогер Далер Имомалини тез арада бошотууга чакырды.

Рибейро журналистке карата чыккан сот өкүмүн "Тажикстандагы сөз эркиндигине жасалган дагы бир сокку" деп атады. "Далери Имомали өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгү үчүн соттолду. Журналистика менен алектенүү – кылмыш эмес", – деп жазды ал Телеграм-каналына.

Имомалиге карата чыккан өкүмдү Журналисттерди коргоо комитети да айыптады. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гулноза Саид тажик бийлигин Далер Имомалини жана камактагы башка журналисттерди бошотууга чакырып, сот органдарын пайдалануу менен эркин ЖМКларга басым жасоону токтотууга чакырды.

Тажикстанда социалдык маселелерди көтөрүп, аткаминерлердин кемчилиги тууралуу айтып келген белгилүү журналист жана блогер Далер Имомали 17-октябрда 10 жылга соттолуп, 200 эсептик көрсөткүч (1200 АКШ доллары) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Журналисттин иши боюнча сот отурумдары Душанбедеги тергөө абагында жабык өтүп, залга адвокаты жана бир нече тууганы гана катыштырылды.

Маалыматка караганда, Имомали жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өтөйт. Азырынча журналисттин жакындары сот өкүмүнө даттануу боюнча чечим кабыл ала элек. Адвокат Саъдулло Каюмзода азыр бул маселе талкууланып жатканын билдирди.

Далер Имомали быйыл 15-июнда кармалган. Алгач ал Ютубдагы материалдары үчүн түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп шектелгени маалымдалган. Кийин кылмыш жөнүндө жалган маалымат берүү, мыйзамсыз ишкердик менен алектенүү жана тыюу салынган уюмдун ишине катышуу айыптары тагылган.

Акыркы үч айда Тажикстанда жети блогер жана журналист камалды. 4-октябрда Имомали менен бирге репортаждарды даярдап жүргөн Абдулло Гурбати жети жарым жылга соттолгон. Алар акыркы мезгилде социалдык темалар тууралуу видео материалдарды даярдап, айрым аткаминерлерди сынга алышкан.

Ага чейин коопсуздук кызматынын мурдагы өкүлү, журналист Мамадсултон Мавлоназаров (Мухаммади Султан) жети жылга эркинен ажыратылган. Бүгүнкү күндө дагы эки журналист менен блогердин иштери жабык каралууда.

XS
SM
MD
LG