Бактыбек Кудайбергенов маалымдагандай, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн уул бала болду.
Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын маалыматы боюнча 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы - Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 7 миллионунчу наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалады жана ымыркайга Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.
Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранынын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.
Кыргызстандын алты миллионунчу наристеси 2015-жылы 25-ноябрда Ош шаарында төрөлгөн. Ал менен катарлаш келген 14 балага президенттин фондунан ар бирине 100 миң сомдон берилген.