Ссылки доступа

Коргоо министри кыргыз-тажик чек арасына ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн коюуну сунуш кылды


Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов кыргыз-тажик чек арасына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик күчтөрүн коюуну аймактык бирикменин жетекчилигине сунуш кылганын 19-октябрда маалымат жыйынында билдирди.

"Мен ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась менен жолугушууда уюмдун бейпилдик күчтөрүн кыргыз-тажик чек арасына коюуну сунуштадым. Мен тажиктер менен кыргыздардын ортосунда эч качан тынчтык болбосун, ар бир тарап өз чындыгынан тайбай жатканын айттым. Биздин ортобузда үчүнчү тарап- бейтарап сот болмоюнча тынчтык болбосун айттым. Ошондуктан, ЖККУнун бепилдик күчтөрү аймакта ок атышууну токтотуу, чек арадан оор аскер техниканы алып кетүүнү көзөмөлдөп берүүсүн сунуштадым. Андан ары чек араларды демаркациялоо боюнча саясий маселелер чечиле бермек. Чек арадагы жаңжалдар 30 эмес, 98 жылдан бери кайталанып келе жатат", - деди министр.

Кыргыз-тажик чек арасын тынч жол менен чечүү маселеси өткөн аптада Астанадагы саммитте да көтөрүлгөн. Орусия ортомчу болууну сунуш кылып, Москвада Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди берерин орус президенти Владимир Путин билдирген.

Өткөн аптада Астана шаарында Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өткөн. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жабык талкууланган.

Кыргызстан ЖККУнун Тажикстанда өткөн аскердик машыгууларына катышкан эмес. Андан тышкары аймактык уюмдун октябрь айында Балыкчыда өтөрү белгиленген "Бузулбас боордоштук" деп аталган аскердик машыгууларын өткөрүүдөн баш тарткан.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кармашты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптаган. Душанбе айыпты Бишкекке оодарган.

XS
SM
MD
LG