Ссылки доступа

Кыргызстан Түркмөнстан менен Казакстандан электр жарыгын сатып алууда


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында Кыргызстан 2022-жылы 16,2 млрд. кВт/саат электр энергиясын керектей турганын билдирди.

Анын айтымында, өлкө ГЭСтерден 11 млрд. 500 млн. кВт/саат электр энергиясы, Бишкек Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) 2 млрд. электр жарыгы өндүрүлөт. Калган 3 млрд. кВт/саат электр энергиясы чет жактан импорттолот.

"9 айдын ичинде 9,3 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул 1,4 млрд. кВт/саат электр энергиясына аз. Анткени сууну үнөмдөп атабыз. Импорт боюнча: Түркмөнстандан электр жарыгын алуу боюнча келишим түзүлгөн. Азыр 1 млрд. 800 млн. кВт/саат электр энергиясын алдык. Казакстандан да электр жарыгын алуу боюнча контракт түзүлгөн. Бул өлкөдөн 241 млн. кВт/саат электр энергиясын алдык. Мындан тышкары 2023-жылдын биринчи кварталында 600 млн. кВт/саат электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүү бар".

Бакыт Төрөбаев энергетика тармагындагы оңдоо иштеринин 95% бүткөнүн, 1-ноябрга чейин толук бүткөрүлөрүн билдирди. Ал мындан тышкары Кыргызстанда күз-кыш мезгилине карата 2 млн. 994 миң тонна көмүр керектелерин билдирди. Анын ичинен 1 млн. 237 миң тонна көмүр калк үчүн, бюджеттик мекемелерге 257 тонна, Бишкек ЖЭБине 1 млн. 500 миң тонна көмүр керек. ЖЭБде 253 миң тонна гана көмүр бар.

XS
SM
MD
LG