Ссылки доступа

Орусияда жоголгон тажикстандык мигрант ооган-тажик чек арасында кармалды


Буга чейин Орусияда дайынсыз жоголгону айтылып жаткан тажикстандык мигрант Мухаммад Дилшодбойзода ооган-тажик чек арасынан өтүүгө аракет кылган маалда кармалды. Бул тууралуу 19-октябрда Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 20 жаштагы Мухаммад Дилшодбойзода өткөн жумада Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Дарваз районунда Ооганстанга өтүүгө аракет кылган учурда кармалган. Мекемеден азырынча ага эч кандай айып тагыла электигин кошумчалашты.

Дилшодбойзоданын жакындары акыркы жолу аны менен 10-октябрда телефондо сүйлөшкөнүн айтууда. Өткөн жумада алар "Озоди" радиосуна кайрылып, Орусияда дайынсыз жоголгон жакынын издешүүгө жардам сурашкан.

"19-октябрь күнү эртең менен Мухаммаддын атасы уулун издөө үчүн Москвага учуп кеткен. Бир нече сааттан кийин участкалык милиция кызматкери келип, Мухаммад кармалганын айтты. Бүгүн анын айрым туугандарын Хожентке "маектешүүгө" чакырышты", – деди кармалган мигранттын жакындарынын бири.

Анын айтымында, Дилшодбойзода акыркы эки жылдан бери Москвадагы Фуд Сити базарында иштеп жүргөн.

Мухаммад Дилшодбойзода ооган-тажик чек арасынан өтүүгө аракет кылган маалда кармалган алгачкы тажикстандык эмес. 2018-жылы чек арадан төрт киши кармалып, сурак маалында алар "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуу максатында Ооганстанга барууну көздөшкөнүн мойундарына алышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандарды англис тил мугалими Жахонгир Касымов азгырганы аныкталган. 2018-жылы ноябрда мугалим 19 жылга катаал режимдеги абакка кесилген.

Өткөн жылы "Озоди" радиосу Тажикстандын Чек ара кызматындагы өз булактарына шилтеме кылып, тажик-ооган чек арасына жакын жерге Махди Арсалон жетектеген "тажик талибдери" жайгаштырылганын кабарлаган. Анда аларга эки өлкө ортосундагы чек аранын Дарваз районундагы бөлүгүн кайтаруу милдети жүктөлгөнү айтылган.

Махди Арсалон кезинде бир канча убакыт Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен беш уездинин (Куфоб, Шикай, Нусай, Маймай жана Хохон) "эмири" болгон.

Видео

XS
SM
MD
LG