Ссылки доступа

ЕККУ миссиясы Казакстандагы мөөнөтсүз президенттик шайлоого байкоо салат


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун атайын миссиясы Казакстандагы мөөнөтсүз президенттик шайлоого байкоо салат. Миссияны польшалык саясатчы, Европа парламентинин мурдагы мүчөсү Урщула Гацек жетектейт.

Маалыматка караганда, миссиянын негизги командасына Астанадан 11 эл аралык эксперт жана узак мөөнөттүү 30 байкоочудан турган делегация кирди. Алар 26-октябрдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында иштей башташат. Мындан тышкары шайлоого бир нече күн калганда Казакстанга келе турган дагы 300гө жакын байкоочу кыска мөөнөттүү иш алып барат.

Миссия шайлоонун демократиялык шайлоо стандарттарына, улуттук мыйзамдарга, ошондой эле Казакстандын эл аралык уюмдардын алдындагы милдеттенмелерине шайкеш өтүшүнө баа берет. Мындан тышкары байкоочулар "шайлоонун бардык аспектилерине", анын ичинде үгүт иштеринин жүрүшүнө, шайлоо өнөктүгүнүн социалдык түйүндөр менен ЖМКларда чагылдырылышына жана негизги эркиндиктердин сакталышына көз салышат. Добуш берүү күнү миссия шайлоо тилкелеринин ачылышына, добуш берүүнүн жүрүшүнө, бюллетендердин саналышына жана шайлоо жыйынтыгынын чыгарылышына мониторинг кылат.

Миссиянын өкүлдөрү ЕККУнун шайлоого байланышкан буга чейинки сунуштамаларынын аткарылышына да баа бере тургандыктарын билдиришти.

Казакстанда 2019-жылы өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоодон кийинки отчётунда ЕККУ миссиясы шайлоо өнөктүгү жарандардын "негизги эркиндиктерин бузуу", "сын айткандарга басып жасоо" менен коштолуп, адамдардын тынч жыйындарга чогулуусуна киргизилген чектөө "чыныгы саясий плюрализмге тоскоол болгонун" билдирген. Добуш берүү күнү байкоочулар бюллетендердин топ-тобу менен ташталганын, шайлоо процедуралары одоно бузулганын белгилешкен.

Анда миссия казак бийлигине кийинки шайлоолор үчүн бир нече сунуштарды берген. Алардын арасында талапкерлерге Казакстанда жашаган мөөнөтү, иш тажрыйбасы сыяктуу талаптарды жеңилдетүү сунуштары бар.

Мындан тышкары ЕККУ Астананы шайлоо тилкелеринин протоколдорун Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыялоого чакырган.

2019-жылы 9-июнда өткөн президенттик шайлоо Казакстандын ири шаарларында адамдардын кармалышы менен коштолгон. Өлкө ИИМи 9-12-июнь күндөрү Астана жана Алматы шаарларында эле шайлоого жана анын жыйынтыктарына каршы акцияга чыккан 4,5 миңден ашык киши кармалганын билдирген.

Казакстандын азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев быйыл 1-сентябрдагы кайрылуусунда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштап, ал 20-ноябрга белгиленген. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы президент жети жылга шайланып, бир гана мөөнөт иштейт.

Батыш байкоочулары Казакстанда 1991-жылдан бери өткөн бир дагы шайлоону таза жана адилеттүү өттү деп тааныган эмес.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG