Ссылки доступа

Астана: Казакстанда кармалган каракалпакстандык активисттер өзбек жараны катары каралат


Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди өлкөдө төрт каракалпак активистинин кармалышы боюнча комментарий берип, Астана биринчи кезекте аларды Өзбекстандын жарандары катары карай турганын айтты.

Өткөн аптада Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин тез арада активисттер Кошкарбай Торемуратовду, Жангелди Жаксымбетовду, Раис Худайбергеновду жана Зиуар Мирманбетовду башпаанек суроочулар катары каттоого чакырган. Төртөө тең сентябрь жана октябрь айларында өзбек бийлигинин өтүнүчү менен кармалган. HRW активисттер Өзбекстанга кайтарылса, ал жакта саясий себептерден улам куугунтукка жана кыйноого алышыны мүмкүн деп эсептейт.

— Биз биринчи кезекте аларды Өзбекстандын жараны катары карап жатабыз. Эгер алар Казакстандын аймагында кылмыш жасаса, биздин мыйзамдарга ылайык жаза алышат. Аларды Өзбекстанга кайтаруу – эки өлкөнүн Ички иштер министрликтеринин ортосундагы маселе. Эгер чек арадан мыйзамсыз өтүү маселеси болсо эки өлкөнүн чек ара кызматтары карайт.

Расмий түрдө такталбаган маалыматтарга караганда, Казакстанда кармалган каракалпакстандык активисттер буга чейин Казакстанга башпаанек берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Видео

XS
SM
MD
LG