Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында климаттын өзгөрүшүн жана дүйнөдөгү оор абалды эске алганда айыл чарба азыктарынын баасы жогорулайт деп күтүлүп жатканы белгиленди.
"Айыл чарба маселелерине өзгөчө көңүл буруп, байма-бай талкуулап жатканыбыз бекеринен эмес. Анткени бул тармак экономикабыздын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Элибиздин жыргалчылыгы, баалардын туруктуулугу жана жумуш орундарынын болушу ушул тармакка байланыштуу", – деди Мирзиёев.
Жыйындын жүрүшүндө жер жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, түшүмдүүлүктү жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле өлкөдө жашылча-жемиштерди кайра иштетүү төмөнкү деңгээлде калып жатканы белгиленип, интенсивдүү ыкмалар бакчалар менен жүзүм бактарынын 20%, үйлөрдүн жанындагы чарбактардын 7 гана пайызына киргизилгени айтылды. Буга байланыштуу азык-түлүк товарынын 25 түрүнүн импортун азайтып, тамак-аш өнөр жайына 2 миңден ашык долбоорду киргизүүнүн эсебинен экспорттун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сунушталды.
Мындан тышкары жыйында өкмөттүн алдына чет элдик компаниялар менен биргеликте суу ресурстарын башкаруу боюнча натыйжалуу долбоорлорду ишке киргизүү, дыйкан чарбаларынын каржылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, насыялар менен субсидияларды алууну жеңилдетүү жана айыл чарбасын санариптештирүү сыяктуу милдеттер коюлду.