Ссылки доступа

Душанбеде жарандык активист Фаромуз Иргашевдин соту башталды


Фаромуз Иргашев
Фаромуз Иргашев

Душанбеде 2021-жылы ноябрда Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн "Комиссия 44түн" юристи Фаромуз Иргашевдин соту башталды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу юристтин жакындарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, сот отуруму Душанбедеги тергөө абагынын имаратында жабык өтүүдө.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун мурдагы мажилис депутаты Фаромуз Иргашев быйыл май айында Хорог шаарында кармалган. Июндун башында ал "Комиссия 44түн" дагы алты активисти менен бирге Душанбеге жеткирилген.

"Озоди" радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, Иргашев баштаган бадахшандык активисттер "чет өлкөдөн каржылык жардам алган", "мыйзамсыз митинг уюштурган" жана "кылмыштуу уюмдун ишине катышкан" деп айыпталууда.

Фаромуз Иргашевдин апасы Оламбегим Иргашева уулунун сотуна катыша албаганын билдирди.

"Сот жабык өтөрүн айтып мени чакырышкан жок. Уулум менен кармалгандан бери бир гана жолу, августтун башында жолуккам. Ал адилеттик издеп мамлекеттик органдарга кайрылбай эле коюшумду өтүнүп, ал эч кандай натыйжа бербей турганын айткан. Тагылган айыптар жөнүндө сурасам "өзүм да эч нерсе билбейм" деп жооп берген", – деди Иргашева.

Анын айтымында, уулуна мамлекеттик адвокат берилген. Тергөө иштери башталгандан бери ал Фаромуздун жакындарына бир гана жолу телефон чалган.

7-октябрда Тажикстандын Башкы прокуратурасы быйыл май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон окуяларга байланыштуу 77 киши "татыктуу жазага тартылып", дагы ондогон жергиликтүү тургундун иши сотто каралып жатканын билдирген.

"Комиссия 44" 2021-жылы ноябрда Хорогдогу окуялар маалында түзүлгөн. Анын курамына митингдин катышуучулары менен жергиликтүү бийликтин ортосунда ортомчулук кылып, нааразылык акциялардын токтошуна салым кошкон аймактагы жарандык активисттер кирген. Алардын ичинен алтоо Хорогдогу ноябрь окуяларын иликтөө боюнча тергөө тобунун курмына киргизилген.

Быйыл августта Тажикстандын Жогорку соту "Комиссия 44тү"кылмыштуу топ деп тапкан. Май айынын соңунда күч түзүмдөрү Хорогдо өткөргөн операциядан кийин "Комиссия 44түн" кеминде жети мүчөсү кармалып, Душанбеге жеткирилген. Алардын экөө 18 жылга эркинен ажыратылган. Кармалгандардын жакындары менен укук коргоочулар алардын күнөөсү жок экенин айтып, Тоолуу Бадахшандын тургундарынын укуктарын коргоо үчүн көчөгө чыгышканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG