Ссылки доступа

Казакстандын Украинадагы элчилигинин кызматкерлери Варшавага көчүрүлдү


Украинадагы Казакстан элчилигинин кызматкерлеринин көбү Польшага чыгарылды, бирок толук эвакуация жөнүндө маселе азырынча жок. Бул тууралуу 20-октябрда Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди билдирди.

«Дипломаттардын көбү азыр Варшавага жайгашып, элчилик ошол жактан иш алып барууда. Мындан тышкары Киевде күн сайын Украинадагы жарандарды кабыл алган консул калды. Ал жерде маселе көп. Маселен, эвакуацияга жардам берүү боюнча кайрылышууда. Ошондуктан толук көчүрүүгө негиз жок», — деди Мухтар Тлеуберди.

Ал Украинанын аймагында 200дөй Казакстан жараны бар экенин айтып, бул так сан эместигин билдирди. Тлеуберди алардын Польша же Молдовага жер которуу мүмкүндүгү бар экенин айтты.

10-октябрдан баштап Киев жана башка украин шаарлары жапырт ракеталык чабуулга кабылып, айрым өлкөлөрдүн бийлиги жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG