Ссылки доступа

Кыргызстандын дагы эки банкы "Мир" картасын тейлөөнү токтотту


Кыргызстандын бери дегенде дагы эки банкы Орусиянын "Мир" банктык картасын тейлөөнү токтотту.

"Азия Банкы" жана "Кыргызстан Коммерциялык банкы" бир катар орусиялык банктар менен кызматташуусун токтоткону белгилүү болду. "Азия Банкынын" колл-борбору "Мир" карталарын тейлөө бир жумадай мурда токтотулганын билдирди.

"Биз тилекке каршы, чын эле "Мир" карталарын тейлөөнү токтоттук. Анын себебин атай албайбыз, бул биздин жетекчиликтин чечими", - деп белгиледи банктын өкүлү.

Ал арада "Кыргызстан Коммерциялык банкы" "Мир" карталарын тейлөөдөн баш тартышынын себеби Орусияга салынган санкцияларга байланыштуу экенин билдирди.

Банктан "санкциянын таасири тийип калышы мүмкүн" деген негизде "Мир" картасын тейлөө токтотулганын билдиришти.

Буга чейин Кыргызстандагы "Компаньон", "Дос кредо банк" жана "Бакай банк" Орусиянын "Мир" банктык картасын тейлөөнү токтотушкан. Банктардын сайттарында бул техникалык себептен улам экени жазылган. Карталарды тейлөө качан жаңыртылары тууралуу маалымат айтылган эмес.

23-сентябрда Өзбекстанда Орусиянын "Мир" банктык картасын тейлөө токтотулганын Uzcard Жалпы республикалык бирдиктүү процессинг борбору кабарлаган. Ага чейин 21-сентябрда Казакстандын Улуттук банкы да Орусиянын төлөм системасынын "Мир" карталарын тейлөө өлкөдөгү банкоматтарда убактылуу токтотуларын кабарлаган. 19-сентябрда Түркиянын ири финансылык мекемелери – Isbank жана Denizbank картаны тейлөөдөн баш тарткан.

Орусия Украинанын аймагында согуш баштагандан кийин көпчүлүк Батыш өлкөлөрү ага катаал санкцияларды салган. Анын ичинде орусиялык банктар да чектөөгө кабылган. Натыйжада орус жарандары Орусиянын банктык карталары менен чет жакта төлөм жүргүзө албай, эл аралык карталарды өлкө ичинде колдоно албай калышкан.

Ушундай шартта Орусиянын жарандары санкцияны буйтаган жол таап, КМШ мамлекеттерине, Түркияга жана башка өлкөлөргө барып банктык карта алып жатканы айтылган. "Карта туризминин" популярдуу багыты катары Борбор Азия өлкөлөрү – Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан аталган.

XS
SM
MD
LG