Ссылки доступа

Мургабда каза болгон аскердин жакындары анын өлүмүн адилет тергөөнү талап кылууда


Шохрух Махкамов
Шохрух Махкамов

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Мургаб районунда кызмат өтөп жүргөндө каза болгон 19 жаштагы Шохрух Макамовдун сөөгү жакындарына берилди.

Бир жыл мурда аскерге чакырылган Макамов алгач Хатлон облусунда жарым жыл кызмат өтөп, кийин Тоолуу Бадахшандын Мургаб районундагы аскердик бөлүккө которулган.

Маркумдун жакындары аскердик жетекчилик расмий кабарлагандай Махкамовдун жүрөк оорусунан улам өлгөнүнө ишенбей турганын билдирүүдө.

"Шохрухту былтыр көптөгөн оорусу бар экенине карабастан армияга алып кетишкен. Ал богок оорусу менен жабыркап, жүрөгү ооруп жатканына да даттанып калчу", – деди маркумдун апасы Сайлихон Махкамова.

Анын айтымында, акыркы кездери уулу аскер бөлүгүндөгү кемсинтүүгө жана уставдан тыш мамилеге даттанып жүргөн. "Ал жактан уулумду ур-токмокко алышкан деп ойлойм. Ал оорудан улам каза болду дегенге ишенбейм. Аны өлтүрүп коюшту", – деди Махкамова.

Маркумдун жакындары аскердин өлүмү боюнча адилеттүү тергөө жүргүзүүнү жана күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылууда.

Тажикстандын бийлиги ден соолугуна байланыштуу аскерде кызмат өтөөгө жараксыз өспүрүмдөр армияга чакырылбай турганын билдирүүдө. Бирок аскердик комиссариаттар армияга чакыруу планын аткаруу үчүн көбүнчө уландардын олуттуу ооруларын "байкабай" коюшары айтылып келет.

XS
SM
MD
LG