Ссылки доступа

Өзбекстанда Коргоо министрлигине караштуу кампада жарылуу болду


Сырдарыя облусунун "Малик" калктуу конушундагы Өзбекстандын Коргоо министрлигине караштуу кампада жарылуу болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жарылуу 22-октябрда таңкы саат бешке жакын катталган.

Соцтармактарга жарыяланган видеотасмалардан жарылуудан жакын жердеги турак үйлөр менен дүкөндөр жарым-жартылай зыянга учураганын көрүүгө болот.

Gazeta.uz сайты өз булактарына таянып, аскерлердин жана жергиликтүү тургундардын арасында жабыркагандар бар экенин кабарлады. Кийинчерээк бул маалыматты мамлекеттик органдар да ырастады.

Сырдарыя облустук ооруканасы айнектин сыныктарынан жаракат алган ондогон киши жардам сурап кайрылганын билдирди.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондор жана олуттуу жараат алгандар жок экенин маалымдады.

Учурда Өзбекстандын Коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келтирилген чыгымдын көлөмүн баалоо менен алектенип жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG