Ссылки доступа

Тажикстанда Орусиянын Паспорттук-визалык кызмат көрсөтүү өкүлчүлүгүн ачуу пландалууда (видео)


Орусиядагы миграциялык борборлордун бири

Тажикстан менен Орусиянын өкмөттөрү Душанбе шаарында орус Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Паспорттук-визалык кызмат көрсөтүү өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу макулдашты.

Маалыматка караганда, тиешелүү келишимге Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты ишке орноштуруу министрлиги менен Орусия ИИМине караштуу "Паспорттук-визалык кызмат" мекемесинин ортосунда 19-октябрда Душанбеде кол коюлду.

Тажикстандын эмгек министринин орун басары Шахноза Нодиринин айтымында, Паспорттук-визалык кызмат көрсөтүү өкүлчүлүгү ачылгандан кийин тажик жарандары Орусияда иштөө үчүн талап кылынган патентти жана иштөөгө уруксат кагазды Душанбе шаарынан эле алуу мүмкүндүгүнө ээ болот.

"Мындан тышкары алар Орусияга кетердин алдында манжа издерин Тажикстанда тапшырып, орус тилин жана Орусиянын мыйзамдарын биле тургандыгын ырастаган күбөлүктү да алса болот", – деди Нодири.

Анын айтымында, азырынча Паспорттук-визалык кызмат көрсөтүү өкүлчүлүгү Душанбеде качан иштей баштары так белгисиз. "Алгач эки өлкөнүн Ички иштер министрликтери жарандардын манжа издери сыяктуу жашыруун маалыматтарын алмашуу шарттары боюнча макулдашуусу керек. Андан соң Душанбеде аталган кызмат көрсөтүү өкүлчүлүгүн ачууга эч кандай тоскоолдуктар калбайт", – деди министрдин орун басары.

Таджикские и российские власти договорились о запуске сервиса паспортно-визовой службы МВД России в Душанбе.
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

Айрым талдоочулар Паспорттук-визалык кызмат көрсөтүү өкүлчүлүгүнүн тез арада ишке киреринен күмөн санап жатышат. Социалдык көйгөйлөрдү чагылдып жүргөн журналист Мазхаби Жума мындай жаңылыктар буга чейин деле ЖМКларга бир канча жолу чыкканын, бирок ишке ашпаганын белгиледи.

Өз кезегинде тажик бийлиги бул долбоор тажикстандыктарды Орусияга уюшкандык менен жумушка жөнөтүү тууралуу Душанбе менен Москванын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында сөзсүз түрдө ишке ашарын билдирүүдө.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG