Ссылки доступа

ФСБ укук коргоочу Бахром Хамроевди "террористтик уюм түзүүгө" айыптоодо


Бахром Хамроев саясий туткундарды коргоо акциясында. Москва шаары, 14-сентябрь 2018-жыл
Бахром Хамроев саясий туткундарды коргоо акциясында. Москва шаары, 14-сентябрь 2018-жыл

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) былтыр Жогорку соттун чечими менен жабылган "Мемориал" укук коргоо уюмунун активисти Бахром Хамроевге террористтик уюм түзүү боюнча жаңы айып такты.

Айыптоо корутундусунда Хамроев "терроризмге айыпталган адамдарга укуктук жардам бергени" жана "Страсбургдагы Адам укуктары боюнча эл аралык сотко доо арыздарды жазганы" белгиленген.

"Мемориал" 59 жаштагы мүчөсү Бахром Хамроевди "саясий туткун" деп тапкан. Уюмдун билдирүүсүндө укук коргоочу Москвадагы Лефортов абагында негизсиз айыптоолор менен камакта отурганы жазылган.

Хамроевге "Террордук уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу" беренеси менен кылмыш иши быйыл 24-февралда – Орусия Украинага басып кирген күнү козголгон.

Адвокат Тимофей Широков укук коргоочуга тагылган жаңы айыпты абсурд деп атап, ал боюнча Хамроев 20 жылга чейин соттолушу мүмкүн экенин билдирди.

Быйыл март айында Орусиянын "Росфинмониторинг" мекемеси Хамроевди "экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдардын тизмесине" киргизип, анын банк эсептери камакка алынган.

Хамроев кармалгандан көп өтпөй РЕН ТВ баштаган орус телеканалдары менен социалдык түйүндөрдө "кооптуу экстремист кармалганы тууралуу" ФСБ тарабынан даярдалган репортаждар көрсөтүлгөн.

Андан соң Орусияда "чет элдик агент" деп таанылган "Мемориалдын" кеңселеринде тинтүүлөр жүргөн.

Өзбекстандын Бухара шаарында туулуп-өскөн Бахром Хамроев оппозициялык "Бирлик" элдик кыймылынын мүчөсү болгон. 1992-жылы саясий куугунтуктан улам өлкөдөн чыгып кеткен. Акыркы 25 жылдан бери мигранттардын, качкындардын жана мусулмандардын укуктарын коргоо менен алектенип келген.

Буга чейин ФСБ менен Орусиянын Ички иштер министрлиги укук коргоочуга каршы бир канча жолу кылмыш жана административдик иштерди козгогон.

7-октябрда Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында орусиялык "Мемориал" укук коргоо уюму Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын бири болгону жарыяланган.

XS
SM
MD
LG