Ссылки доступа

Мобилизациядан качкан орусиялыктар Тажикстанда иш издөөдө (видео)


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бир апта мурун Астанада өткөн саммитте Орусияда аскердик мобилизация жарыялангандан кийин Тажикстанга 30 миң киши келгенин айткан.

Айрым орус мигранттары Тажикстанга убактылуу келишкенин жана башка өлкөлөлөргө кетишерин айтышса, кээ бирлери бул жерде калууну чечишкен. Тажикстандын Миграция кызматы иштөөгө уруксат алуу үчүн кайрылган орус жарандарынын саны көбөйгөнүн билдирүүдө.

Алардын бири 25 жаштагы Никита Пацанов. Ага Душанбе жагып, эми ал үй-бүлөсүн көчүрүп келүүнү көздөп жатат.

"Азыр иш үчүн бир нече сунушту карап жатам. Орусияда мунайгаз тармагында иштегем. Тажикстанда ушул эле тармакта ишимди улантууну каалайм. Газ тармагында адис болуп ишке орношом деп үмүттөнүп жатам", - деди ал.

Бул арада банктар менен Тажикстандын башка мекемелери орус адистерин жаңы технологиялар жаатында ишке тартууга аракеттенүүдө.

"Диамед" медициналык клиникасынын жетекчилиги бир нече орус дарыгери аларга иш сурап кайрылганын билдирди. Ошол эле маалда жыл сайын жүздөгөн медициналык кызматкер татыктуу маяна издеп чет өлкөлөргө, негизинен Орусияга кетишет. Мугалимдердин арасында да ушундай эле көрүнүш бар.

"Албетте, компаниялар менен уюмдар биринчи кезекте өз жарандарына иш берип, андан соң гана чет элдиктерди жалдашы керек", - деп эсептейт студент Фазлиддин Мухиддинзода.

Россияне, бежавшие от мобилизации в Таджикистан, ищут работу
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

Тажикстанда жумушсуздук негизги көйгөйлөрдүн бири. Октябрдын башында БУУнун эксперттери Тажикстандагы жумушсуздукка, аз айлык акыга жана билим сапатынын төмөндүгүнө тынчсыздануусун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG