Ссылки доступа

Казакстан экономикага 300 миң доллар инвестиция салгандарга өлкөдө жашоо укугун берүүнү пландоодо


Казак бийлиги өлкө экономикасына 300 миң доллар инвестиция салган чет өлкөлүктөргө Казакстанда жашоо укугун берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангаринге шилтеме кылып билдирди.

"Бүгүнкү күндө Казакстандын экономикасына 300 миң доллардан ашык инвестиция салган чет өлкөлүк ишкерлерге 10 жылдык виза алуу мүмкүндүгүн түзүп берүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Аларга визадан тышкары өлкөдө жашоо укугун да берүү пландалууда", – деди Жумангарин.

Министр биринчи кезекте бюджетке салык түрүндө кошумча киреше алып келген жана жаңы жумуш орундарын түзгөн инвестициялар эске алынарын белгиледи. Анын айтымында, эми чет өлкөлүк инвесторлор "инвестордук визаны" азыркыдай беш эмес, үч күндүн ичинде алып калышат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин 21-сентябрдан 3-октябрга чейин Казакстанга 300 миңге жакын орусиялык кирип, алардын жарымына жакыны үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетишкен. Бул аралыкта Казакстанда туруктуу жашап туруу укугун сурап 2177 киши кайрылса, анын 998и Орусиянын жарандары болгон. Мындан тышкары 1398 чет өлкөлүк, анын ичинде 221 орусиялык жарандык берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Казакстандык интернет колдонуучулар орус жарандарынын өлкөгө жапырт келиши жергиликтүү эмгек базарына жана кыймылсыз мүлктүн баасына терс таасирин тийгизе турганы боюнча тынчсызданууларын билдирүүдө. Бийлик орусиялыктардын көбү үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетерин, алар Казакстанды транзиттик зона катары пайдаланып жатканын айтып, элди тынчтандырууга аракет кылууда.

Өткөн жумада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "негизги салык төлөөчү болуп эсептелген аймактагы ири экспорттоочу ишканаларга өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берүү керектигин" билдирген. Мындан тышкары мамлекет башчы буга чейин Орусияда иш алып барган 50дөн ашык эл аралык компания Казакстанга көчүп киргенин айткан.

Ага чейин Мажилистин жыйынында премьер-министр Алихан Смаилов 300 дүйнөлүк компания өндүрүшүн жана кеңселерин Орусиядан Казакстанга көчүрүүгө даяр экенин билдирген.

Мурдараак Токаев өкмөткө орус рыногун таштап кеткен чет элдик компаниялардын Казакстанга көчүрүлүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырган.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG