Темир жол бекетинен Ала-Тоо аянтын көздөй жүрүшкө чыккандар "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөөнү, бул жаатта пикирин эркин айтып чыккан саясатчыларды, активисттерди камактан бошотууга үндөштү.
Уюштуруучулар акцияга 500дөй киши катышканын билдиришти.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген.