Ссылки доступа

Тблисиде Орусиянын жарандары Украинадагы согушка каршы акция өткөрүштү


23-октябрда Орусиянын жарандары Грузиянын баш калаасы Тбилиси шаарында Владимир Путиндин режимине жана Украинадагы согушка каршы акция өткөрүштү.

Маалыматка караганда, митингди уюштурууга Free Russia Foundation уюму баштаган бир нече кыймыл катышты.

"Биз, Орусиянын жарандары, согушка каршыбыз жана Украина менен Грузияга бүлгүн салып, башка өлкөлөргө, өз жарандарына террор кылып жаткан путиндик режимге каршы күрөштү улантабыз. Көбүбүз Грузияга саясий куугунтуктан улам же адам өлтүрүүчүлөрдүн армиясынын бир бөлүгү болууну каалабагандыктан келдик", – деп жазылган акция уюштуруучуларынын билдирүүсүндө.

Орус эмигранттарынын Тблисидеги акциясынын максаттарынын бири украин качкындарына жардам берүү үчүн каражат чогултуу болгон. Иш-чаранын соңунда катышуучулар дээрлик 3 миң доллар топтошкону кабарланды.

Орусияда "жарым-жартылай мобилизация" жарыялангандан кийин мекенин таштап, чет өлкөлөргө чыгып кеткен орусиялыктардын саны кескин көбөйгөн. Айрым маалымат булактары өлкөдөн жүз миңдеген жаран чыгып кеткенин жазса, башкалары алардын саны бир нече миллионго жеткенин билдирүүдө.

Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, сентябрда орус-грузин чек арасынан 222 миңден ашык орусиялык кирген. Билдирүүдө алардын канчасы туристтик же транзиттик максатта келгени кабарланган эмес.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG