My Freighter компаниясы 2019-жылы негизделген, буга чейин Uzbekistan Airways компаниясынан ижарага алган учактар менен жүк каттамдарын аткарып келген.
My Freighter жакында 747 тибиндеги дагы беш жүк учагын сатып алууну, беш жыл аралыгында авиапаркты 20 жүк борту менен толуктоону пландап жатат.
2022-жылы My Freighter 410 жүк каттамын аткарган. Компаниянын Кытайдын 10 ири шаарында, Европа өлкөлөрүндө, Бириккен Араб Эмиратында, Орусия, Бразилия жана Вьетнамда жүк кампалары бар.