Ссылки доступа

Казакстанда аскердик доктрина жаңыланды


Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн аскердик доктринасына киргизилген өзгөртүүлөрдү бекитти. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.

Документте аскердик коркунучтарга жана коопсуздукка таасирин тийгизе турган жаңы шарттар менен факторлор чагылдырылган.

Министрлик тараткан билдирүүдө жаңы доктринада “атайын операцияларды ишке ашырган күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын арттыруу жана алардын башка органдар менен өз ара карым-катышын кеңейтүү” каралганы белгиленген.

Аскердик доктринанын жаңы редакциясы мамлекеттин аскердик коопсуздугун заманбап талаптарга жана шарттарга ылайык коргоого мүмкүндүк берип, жаңы чакырыктарга жана тобокелчиликтерге каршы туруу үчүн аскердик дараметин жогорулатары айтылган.

Аскердик доктринага киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди.

2021-жылы сентябрда Токаев элге кайрылуу жасап жатып, аскердик доктринаны кайра карап чыгуу зарыл экенин айткан.

Быйыл сентябрдын аягында Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялангандан кийин ар түрдүү фейктер пайда болуп, киберчабуулдар башталганын билдирген. Ал “айрым тышкы күчтөр бүлгүн салып, Казакстандагы позитивдүү өнүгүүлөргө тоскоол болгону жатканын” билдирген.

XS
SM
MD
LG