Ссылки доступа

Тажикстанда прокурор келининин өлүмүнө айыпталган аялды 8 жылга соттоону сурады


Тажикстанда мамлекеттик айыптоочу соттон 25 жаштагы Манора Абдуфаттохтун өлүмү боюнча айыпталган Бибикалон Назированы сегиз жылга эркинен ажыратууну сурады.

Денесинде бычактын көптөгөн изи табылган жаш келиндин сөөгү былтыр жайында тыбылган. Буга чейин Файзабад райондук сотунда маркумдун кайненеси Бибикалон Назиров келининин өлүмүнө жарым-жартылай күнөөлүү экенин мойнуна алган.

Тергөө органдары 2021-жылы 22-июнда үч баланын энеси ижарада турган батиринде "туугандарынын катаал мамилесинен улам" мойнуна жана курсагына 26 жолу бычак сайганын кабарлашкан. Бирок маркумдун туугандары бул версияга макул болбой, ал киши колдуу болгонун айтышып, ишти кайра кароону талап кылышкан.

24-октябрда өткөн сот жараянында Бибикалон Назирова келини менен урушуп кеткенин дагы бир жолу тастыктап, бирок бул өзүн-өзүн өлтүрүүгө себеп болушу мүмкүн эместигин айтты.

Буга чейин Бибикалон Назированын адвокаты соттон “Мунапыс жөнүндө” мыйзамды колдонуп, аны кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу үчүн айыптоону өзүн-өзүн өлтүрүүгө жеткирүүгө алмаштырууну сурган. Бирок мамлекеттик айыптоочу адвокаттын өтүнүчүнө каршы чыккан. Прокурордун позициясын жабырлануучу тарап да колдогон.

Маноранын атасы Абдуфаттох Мисоков сот адилеттүүлүгү орной турганына ишенерин айткан.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG