Ссылки доступа

Акмолодон Астанага митингге катышууга бараткан активист кармалды


Акмоло облусунун Шортанды айылында жашаган жарандык активист Амангелди Жахин мөөнөтүнөн мурда жарыяланган президенттик шайлоого каршы митингге катышуу үчүн борборго бара албай калганын билдирди.

Жахиндин "Фейсбук" баракчасындагы түз эфирде полициянын унаасын көрүүгө болот. Автоунаасында отурган Амангелди Жахинге полиция кызматкери келип, полиция бөлүмүнө чакыруу кагазын берген. Чакырууда активист Шортанды районунун полиция бөлүмүнө 25-октябрда саат 11де келиши керек экени жазылган.

Активист талапты аткарбай турганын, себеби аны мыйзамсыз деп эсептерин айткан. "Мен шаарга кетип баратам, митингге", - деген Жахин. Полициячы ага эч жакка кете албай турганын айткан.

Казакстанда жакынкы күндөрү митингдер өтө турганы жарыялангандан бери активист жарандарга кысым күчөгөнү айтылууда.

Буга чейин активисттер, каттоодон өтпөгөн "Алга, Казакстан!" оппозициячыл партиясынын тарапташтары Астана менен Алматыда шайлоону өткөрүүдөн баш тартуу талабы менен митинг өткөрүүнү пландап жатканын айтышкан.

Алматы акимчилиги партиянын 25-октябрда Шохан Валиханов скверинде митинг өткөрүү өтүнүчүн четке каккан.

Видео

XS
SM
MD
LG