Ссылки доступа

Тажик бийлиги камактагы блогер Пирмухаммадзода кыйноого алынганы боюнча арызданбаганын билдирди


Абдусаттор Пирмухаммадзода

Тажикстандын Башкы прокуратурасы камактагы журналисттер менен Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундарынан кыйноо боюнча эч кандай арыз түшпөгөнүн билдирди.

"Камактагы журналисттер, анын ичинде Абдусаттор Пирмухаммадзода кыйноого же катаал мамилеге кабылганы тууралуу бизге арыз менен кайрылган жок. Пирмухаммадзоданын кыйноого алынганы жөнүндө ЖМКлар жазышты. Бирок Башкы прокуратура кыйноо фактысы боюнча кармалган адамдын расмий кайрылуусунан кийин гана тергөө жүргүзөт", – деди Башкы прокуратуранын жооптуу кызматкери Файзали Давлатзода.

9-октябрда Абдусаттор Пирмухаммадзоданын жакындары ал психологиялык жана физикалык басымдын алдында айыптоолорду мойнуна алганын айтып, анын бул көрсөтмөлөрүн жокко чыгарууну талап кылышкан.

Блогер абактан жазган катында кармалган күндөн тарта кыйноого алынганын билдирген:

"Кайсы бир учурда ток менен кыйнаганынан жашагым да келбей кеткен. Милиция кызматкерлери менен тергөөчүлөр мени ур-токмокко алып, "жасалма айыптоолорду" мойнума алдырууга аракет кылышты. 8-9 күн кыйнап, кемсинтип, толук изоляциялап, үй-бүлөмдү айтып коркуткандан кийин кылбаган кылмышты мойнума алууга аргасыз болдум. Физикалык басым алдында "оппозиция лидери Мухиддин Кабири менен байланышта болуп, аны менен Тажикстанда революция кылууга даярдык көргөм" деп камерага айтып бердим".

Өткөн жылы декабрда Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму дүйнөдөгү адам укуктарынын сактылышы боюнча ар жылкы баяндамасын жарыялап, тажик түрмөлөрү соттолгондорго толуп калганын, шарттары начар экенин, камактагыларга катаал мамиле жасалып, кыйноолор болорун белгилеген.

Тажикстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 2022-жылдын башынан бери көзөмөл органына кыйноолор боюнча алты арыз түшкөн. Бирок алардын бири да ырасталган эмес.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG