Анын айтымында, жумуш берүүчү оор учурда аларга кол сунган эмес жана айлыгынын жарымын гана төлөп берген. Мындан улам ал жергиликтүү прокуратурага арыз менен кайрылган.
"Ал жактан мурда эле кетели дегенбиз, бирок иш берүүчү бизди күч менен кармап турган. Азыр биз кайрылгандардын баары кайра өзүбүздү айыптоодо. Мени кызыңдын мектепке баруусуна уруксат берген эмессиң деп күнөөлөп жатышат", – деди Аминбеков.
Ал бул маселе боюнча жардам сурап Тажикстандын Екатеринбург шаарындагы консулдугуна да кайрылган.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери Ёкубжон Умаров өрт тууралуу маалыматтары бар экенин, жабыркаган тажикстандык үй-бүлөгө жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирди.
"Азыр эң башкысы – кыздын саламаттыгы. Бул жерде тажик дарыгерлери иштеп жатышат. Үй-бүлөгө бардык керектүү жардамды беребиз. Жабырлануучунун айлыгын толук алып берүүгө да аракет кылабыз", – деди Умаров.
Өрттүн келип чыгуу себептерин Свердлов облусундагы Белоярск райондук прокуратурасы иликтеп жатат.
Навруз Аминбековдун айтымында, бүгүнкү күндө анын он жаштагы кызы Екатеринбург шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланууда. Ал денесинин 50% күйүп ооруканга жеткирилген.
21-сентябрда болгон өрттө Өзбекстандын эки жараны каза болгону кабарланган. Мындан тышкары Аминбековдун эки уулу менен кызы жаракат алган.
"Өрт түн ичинде, биз уктап жатканда башталган. Алгач уулум ойгонуп, катуу кыйкырды. Иш берүүчү үйдү сыртынан бекитип кеткендиктен, сыртка араң чыктык. Эки уулум ооруканадан бир жумадан кийин чыкты. Кызымды бир айдан бери көрө элекмин, реанимацияда жатат. Бир нече күн мурда катардагы палатага которушкан, бирок дене табы кескин көтөрүлүп кетип, кайра реанимацияга жатты", – деди Аминбеков.
43 жаштагы тажик жараны үй-бүлөсү менен Свердлов облусунун Белоярск районуна сегиз ай мурда иштегени келген. Алар Совхозный айылында өзбек тектүү тургундун үйүндө жашап жатышкан.
21-сентябрдагы өрттөн тажик үй-бүлөсүнүн бардык документтери, кийимдери күйүп кеткен. Навруз Аминбеков мекендештеринин жардамы менен аялын жана балдарын Тажикстанга жөнөткөн.