Орусия жарандарынан канча арыз түшкөнү айтылган жок. Буга чейин 21-сентябрдан 4-октябрга чейин Казакстанда 70 миң орус жараны жеке идентификациялык номер алганы кабарланган.
Мобилизацияга байланыштуу өлкөгө кирген орус жарандарынын саны көбөйгөндөн бери жеке номер берүү жараяны жеңилдетилген.
Жеке идентификациялык номери жок чет элдик жарандар мамлекеттик кызматтардан пайдалануу, банк операцияларын жүргүзүү үчүн Казакстандын мамлекеттик органдарына кайрыла алышпайт.
4-октябрда Казакстандын ички иштер министри 21-сентябрдан бери өлкөгө 200 миңден ашуун орусиялык киргенин маалымдаган.
Казакстандын бийлиги казак жарандарын өлкөгө кирген орусиялыктарга жардам берүүгө чакырган. Президент Касым-Жомарт Токаев "биз аларга кам көрүп, коопсуздугун камсыздашыбыз керек" деген.