Ссылки доступа

Орусия АКШга стратегиялык өзөктүк машыгуусу башталганын эскертти


Орусия 25-октябрда АКШга "Гром" стратегиялык өзөктүк машыгуусун өткөрөрүн расмий түрдө эскертти. Анын алкагында  баллистикалык ракета кое берилет. Бул тууралуу Пентагон менен Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү билдиришти.

Жыл сайын өтүп келген машыгууга быйыл өзгөчө көңүл бурулууда, себеби ал Орусия Украинага кол салган маалга туш келди. "Машыгуу жөнүндө кабар берүү менен Орусия куралданууну көзөмөлгө алуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарууда", - деди Пентагондун басма сөз катчысы Патрик Райдер.

"Бул эскертүүлөр болуп жаткан окуяларга туура эмес баа берүү тобокелдигин азайтат", деп белгиледи Мамдепартаменттин өкүлү Нед Прайс.

Буга чейинки машыгуу Орусия Украинага кол салганга бир нече күн калганда аяктаган. Машыгуунун датасы алдын ала айтылган эмес.

Октярдын башында НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг "альянс сыноолорго тыкыр көз саларын жана орус тараптан өзөктүк коркунуч каптап турган маалда кыраакылыгын сактай турганын" билдирген.

Бул арада Бельгияда НАТОнун Steadfast Noon аталышындагы жыл сайын өтүүчү машыгуусу болуп жатат. Анын жүрүшүндө уюмга мүчө 14 өлкөнүн учкучтары эки апта бою стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды пайдалануу боюнча машыгат.

XS
SM
MD
LG