Ссылки доступа

Эмомали Рахмонго байланышы бар делген компания Душанбеде дагы бир терминал курду (видео)


Дочерняя компания «Фароза» построила в Душанбе еще один пассажирский терминал
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

Душанбе шаарында Согд облусуна каттаган такси айдоочулары үчүн жаңы терминал курулду. Өз булактардын маалыматына караганда, "Чорбог" деп аталган транспорттук терминал өлкө президенти Эмомали Рахмондун жакын туугандарына таандык.

Жаңы терминалды президенттин күйөө баласы Шамсулло Сохибов ээлик кылган "Фароз" жабык акционердик коомунун туунду компаниясы – "Тажиквнештранс" курган. Көп профилдүү "Фароз" компаниясы 2020-жылы мартта расмий түрдө өзүн-өзү жойгонун жарыялаган.

"Тажиквнештранстын" расмий сайтында компания бүгүнкү күндө 18 транспорттук терминалды башкарары жазылган.

Жаңы терминал алты гектар жерге курулуп, ага 7,5 миллион сомони (750 миң доллар) каражат жумшалган. "Тажиквнештранс" компаниясынын расмий өкүлү Шохрух Аминов терминалда жеңил жана оор автоунааларды токтотуучу жай, кампалар, мейманканалар, соода жана тейлөө жайлары бар экенин билдирди.

"Такси айдоочулары үчүн биз бардык шарттарды түздүк. Алар терминалдын кызматтары менен 40 күнгө чейин бекер колдоно алышат", – деди Аминов.

Учурда терминалда мейманканалардын жана оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жайдын курулушу уланып жатат. "Тажиквнештранстын" өкүлү азырынча мейманканадагы жашоонун жана унаа токтотуучу жайдын суткалык акысы аныктала электигин билдирди. Согд облусуна каттаган такси айдоочулары буга чейин "Маром" терминалында иштеп, унаасын токтоткону үчүн суткасына 30 сомониден төлөп келишкен.

"Тажиквнештранс" 2010-жылы февралда негизделген. Ал "Фароз" жабык акционердик коомунун туунду компаниясы болуп эсептелет.

"Тажиквнештранстын" жооптуу кызматкерлери компания транспорттук кызматтар менен гана алектене турганын билдирүүдө. Ал Тажикстандын Монополияга каршы кызматы түзгөн табигый монополисттердин тизмесине кирип, кытай-тажик чек арасынан өткөн оор жүк ташуучу унаалардын ишин көзөмөлдөө менен да алектенет.

"Озоди" радиосунун 2019-жылдагы иликтөөсү өзүн-өзү жойгонун жарыялаган "Фароз" бизнес-холдинги ишмердүүлүгүн улантып жатканын көрсөткөн. Тажикстанда "Фарозго" ондогон ири жана кичи компаниялар, уюмдар жана ишканалар таандык. Алардын арасында ири басма үйү, автомектептердин түйүнү, автоунаа оңдоо жайлары, тоо-лыжа комплекстери жана башкалар бар.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG