Ссылки доступа

Өзбекстанда XI-XII жана VII-VIII кылымдарга таандык курулуштун калдыктары табылды


Ташкенттин четиндеги Канка монументинде XI-XII жана VII-VIII кылымдарга таандык курулуштардын калдыктары табылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, казуу иштеринин жүрүшүндө XI-XII кылымдарга таандык делген узундугу 12 метрди, туурасы 6,30 метрди түзгөн чоң зал табылды. Анын кире бериш бөлүгүнө кыш төшөлгөн, капталдагы дубалдарынын калыңдыгы 1,3 метрге жеткен.

Залдын түштүк-батыш бурчунда атайын жер бөлүнүп, анын каптал дубалдары бышкан кыш менен капталган. Дубалдагы катуу отко күйгөн тактар ал жерде жыгачтан жасалган босого болгонунан кабар берип турат.

Залдын орто кылымдагы катмарын казууда андан да байыркы доорго таандык ири курулуштун калдыктары табылган.

Бул курулуштар орто кылымдагы Канка эстелигинин ибадатканасынын чыгыш тарабында табылганын эске алып, алардын ибадатканага түздөн-түз байланышы болушу мүмкүн деген тыянак чыгарууга болот.

Табылган курулуштар тууралуу жогоруда айтылган маалыматтар азырынча болжолдуу болуп эсептелет. Бул маалыматтар иштелип чыгып, анализден өткөрүлгөндөн кийин толук жана негиздүү корутундулар чыгарылат.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG