Ссылки доступа

Казакстанда түрмөдө ачкачылык кармаган активист 18 килограммга арыктады


Камактагы активист Ермек Нарымбай түрмөдө 24 күндөн бери ачкачылык кармоодо. Бул тууралуу 26-октябрда “Азаттыктын” казак кызматына анын адвокаты Галым Нурпеисов билдирди.

Адвокаттын айтымында, Нарымбай ачкачылык учурунда 18 килограммга арыктаган.

— Өтө алсыз болуп калыптыр. 18 килограммга арыктап кетиптир. Мени менен жолугушууга балдакчан чыкты. Бирок беттегенинен кайтпай турганын, ачкачылыкты токтотпостугун айтты. Ачкачылык кармоонун максаты – оппозицияны бириктирүү. Саясий туткундарга байланыштуу маселе чечилбесе, ачкачылык кармоону уланта берет. Бул иши менен коомчулукту ойготкусу келет, - деди адвокат Нурпеисов.

52 жаштагы Ермек Нарымбай Алматыдан бир жарым саат алыстыктагы Заречный айлындагы колонияда жазасын өтөп жатат.

Майдын башында жергиликтүү укук коргоочулар аны “саясий туткундардын тизмесине” кошкон. Активист бир нече жыл мурун да ушул тизмеде болгон.

Ермек Нарымбай 2010-жылдагы нааразылык акциялардан кийин төрт жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөгөндөн кийин эркиндикке чыккан. 2015-жылы күзүндө жарандык активист Серикжан Мамбеталин экөө социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында "Көчөдөн соккон жел" аттуу китептеги үзүндү менен бөлүшкөнү үчүн камалган. 2016-жылы январда Нарымбай үч жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк эки активисттин кылганына өкүнүп жатканы жазылган каттары жарыяланган.

2016-жылы февралда Нарымбай үй камагына чыгарылып, мартта апелляциялык сот активисттердин камактагы мөөнөтүн эркиндигин чектөө жазасына алмаштырган. Нарымбай 2016-жылы тыюу салынганына карабастан Казакстандан чыгып кеткен.

Январь окуяларынан кийин активист социалдык түйүндөргө мекенине кайтып келе турганын жазган. Ал 6-февралда Киевден учуп келери менен 2016-жылдагы эркиндигин чектөө эрежесин бузганы үчүн кармалып, тергөө абагына киргизилген.

XS
SM
MD
LG