Ссылки доступа

"Алга, Казахстан!" партиясы бешинчи жолу расмий каттоодон өтүүгө документ тапшырды


26-октябрда активисттер тобу Казакстандын Юстиция министрлигине “Алга, Казакстан!” оппозициялык партиясын каттоо боюнча бешинчи жолу арыз тапшырды. Топтун өкүлдөрү “Азаттыктын” казак кызматына миңдеген кишинин колу топтолгонун билдиришти.

“Беш миңдей кишинин колу топтолгон, бирок тыкыр текшерүүдөн кийин биз 2245 кишинин колун алып келдик. Алардын ичинен 1250сү документтери менен кошо видеобаян жасашты”, - деди демилгечил топтун мүчөсү Асет Абишев.

Буга чейин активисттер “Алга, Казакстан!” партиясын каттоо үчүн 5-майда, 18-апрелде, 22-сентябрда жана 12-октябрда документ тапшырган. Бардык учурда министрлик кайсы бир алешемдиктерге таянуу менен документтерди кайра артка кайтарган.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдан бери Казакстанда кеминде 18 саясий партия катталуу арызын тапшырган. Өткөн айда 10 партия расмий катталууга аракет жасап жатканы маалымдалган. Оппозиция бийлик өзүнө жакын гана партияларды каттайт деп эсептейт. Бийлик "саясий жүйө менен тигил же бул партияны каттоодон баш тартат" деген сынды четке кагууда.

Президент Касым-Жомарт Токаев 2019-жылы бийликке келгенден кийин саясий партияларды каттоону жөнөкөйлөштүрүү ниетин айткан. Бирок бир нече жылдан бери бир да партия каттала элек.

XS
SM
MD
LG